Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мындан ары Улуттук банктын кирешелери өлкөнүн бюджетине түшөт

29.06.2023 13:47
495
Мындан ары Улуттук банктын кирешелери өлкөнүн бюджетине түшөт


Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешесин которуу маселелери жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору Улуттук банктын кирешесин 2022-жылдын акырына карата токсон пайыз өлчөмүндө республикалык бюджеттин кирешесине которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Бул ченем республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн бюджеттин чыгашаларын каржылоо үчүн Улуттук банктын кирешесинин токсон пайызын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Аталган долбоор эч кандай сын-пикирлер жана сунуштарсыз Улуттук банк менен макулдашылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн