Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мындан ары электр энергиясына болгон тариф жыл сайын көтөрүлүп турат

11.05.2023 11:58
1180
Мындан ары электр энергиясына болгон тариф жыл сайын көтөрүлүп турат


Мындан ары Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф жыл сайын көтөрүлүп турат. Бул туурасында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Талайбек Байгазиев брифингде билдирди.


"Бизде эми тарифтер жылына бир жолудан өзгөрүп турат. Өтө көп кымбаттабайт, инфляцияга жараша болот. Инфляциянын индекси 10 пайыз болсо ошого байлайбыз. Мисалы, 1 сомдук тарифке 10 тыйын кошулат. Мунун баары зарылдык болуп жатат. Анткени реконструкциялоо, жаңы жабдууларды алып келип монтаж кылуу жумуштарын аткарыш керек. Көп жылдан бери тариф саясатына көңүл бурулбай, электр энергиясы кымбаттаса эл көтөрүлөт, митинг болот деп мурунку чоңдорубуз коркуп кармап келген да. Энергосектор ушунун туткуну болуп калган. Жол кире, ширеңке, нандын баасы деле көтөрүлүп жатпайбы, бул жактан да ошондой өзгөрүү болуш керек", — деди Байгазиев.


Белгилей кетсек, 1-майдан тарта өлкөдө электр энергиясынын тарифи 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлгөн. Керектөө 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин мурдагыдай эле 2,16 сом бойдон калган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн