Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мындан ары электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу алдын ала айтылат

18.01.2023 14:15
198
Мындан ары электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу алдын ала айтылат

Аймактык электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдап турат. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук энергетика тармагы" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.


"Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндө өтө күч келип кеткендиктен улам жасалган өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр качан болорун аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымдайт", — деп айтылат маалыматта.


Катуу суукка байланыштуу "Кыргызстандын улуттук энергетика тармагы" төмөнкүдөй бир катар чараларды көрүүдө:

компаниянын жетекчилеринин жана жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулду;

объектилерде өздүк курамдын кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулду;

өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аны тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо кору даярдалды;

оңдоо бригадалары керектүү жабдуулар жана автотранспорт менен камсыз кылынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн