Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мындан ары кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

23.06.2023 13:32
396
Мындан ары кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат


Кыргызстандыктар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге 22-июнда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттин "Al Huqооq International Company" компаниясы кол коюшту.

"Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, коопсуз жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн берип жатат", - деп түшүндүрдү министр.

Белгиленгендей, кол коюлган келишимдин алкагында кыргызстандыктарга туризм, медицина жана мейманкана бизнеси тармагында бош орундар берилет. Негизги талап – англис тилин билүү жана 18 жаштан 45 жашка чейинки курак.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн