Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Миңден ашуун адам карантинден чыкты

20.03.2020 17:00
813
Миңден ашуун адам карантинден чыкты


Коронавирус илдетине чалдыккан 6 адам стационардык дарыланууда, абалдары канааттандырарлык. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, учурда убактылуу обсервациялоо пунктарында 410 адам медициналык көзөмөлдө. Ал эми, жашаган жерлери боюнча медициналык пунктарда 1251адам жайгашкан.


Ошондой эле, жашаган жерлери боюнча 14 күндүк көзөмөлдөн 1309 адам чыккандыгы кабарланат.


Учурда Кыргызстанга келген жарандарды обсервациялоого жана жаткырууга Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ӨКМ тарабынан 2290 орун даярдалган.


Алар:


Дарылануучу мекемелерине жаткырууга – 504;


Дарылануучу мекемелерине обсервациялоого - 160;


“Еркечтам” - көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 170;


“Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 100;


“Манас” Эл аралык аэропортуна – 803;


Ош шаарындагы “Барчын” медициналык борборуна – 70;


“Ош” Эл аралык аэропортуна – 40;


Ош шаарындагы аскер госпиталына – 70;


“Беш-Күңгөй” аскер госпиталына – 75;


Ак-Кеме мейманканасына - 298.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн