Тогуздун айы 23, 2025
Убакыт: 22:42
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү жылдырылды

16.07.2025 09:42
441
Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү жылдырылды


Өлкөдө таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-январына жылдырылды, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.


Белгиленгендей, мөөнөттү жылдыруу тууралуу чечим эң көп керектелүүчү мезгилде таңгакталган сууну өндүрүүнү жана импорттоону үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө, ошондой эле бизнестин эсепке алуу-контролдоо маркасын киргизүүнүн мөөнөтүн кийинки мезгилге жылдырууга багытталган көп сандаган кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды.


Белгилей кетсек, ишкерлер, импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр бул продукцияны эсепке алуу-контролдоо маркалары жок саткандыгы жана жүгүрткөндугү үчүн айып санкциялары колдонулбайт.


Эскерте кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы токтомуна ылайык, быйылкы жылдын 15-июлунан тарта таңгакталган сууну эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн