Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Министр Абдикаримов жарандарды өз үйүндө гана отурууга чакырды

06.04.2020 10:48
1043
Министр Абдикаримов жарандарды өз үйүндө гана отурууга чакырды


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 6-апрелде өкмөттө болгон онлайн брифингде өлкөдө кырдаал оор экенин айтып, жарандардын үйдө гана болуусун суранып өттү.


Министрдин айтымында, үйдө отуруу менен өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугу үчүн чоң кам көрүшөт.


Мен дагы бир ирээт айтар ээлем, аз эле калды, 1-2 жума чыдаңыздар. Өзүңүздөрдү сактап үйдө отуруңуздар. Биз Жалал-Абад облусуна барып келдик, алар түн ичинде бири-биринин үйүнө кирип чыгып атышат. Бир үйдөн экинчи үйгө кирип байланышта болгон ушундай жарандардан оорунун козгогучтарын таап жатабыз. Мекендештеримди дагы бир жолу чакырып кетээр элем, мүмкүн болушунча өз үйүңүздөрдө гана отурсаңыздар чоң жумуш жасаган болот элеңиздер”, - деп чакырды С.Абдикаримов.


Ошондой эле ал ЖМК өкүлдөрүн далилденген гана маалыматтарды чагылдырууга чакырып, такталбаган жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.   

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн