Акыркы айда коронавирус жуктургандардын дээрлик жарымынан жаңы штамм табылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Спутник Кыргызстанга" билдирди.
"Биздин лабораторияларда жаңы штаммды аныктай албайбыз. Ошондуктан Россияга жөнөтөбүз. Кечээ анализдердин жыйынтыгы келди, дээрлик жарымына жакын коронавирус жуктурган жарандардан жаңы штамм аныкталган. Вирус да жашагысы келет. Балким мутация болуп, "кыргыз" штаммы пайда болгондур", - деди министр.
Бүгүн эртең менен өлкөдө коронавирустун 4 штаммы болушу ыктымал экени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн