Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Министр Алымкадыр Бейшеналиев 300 бейтаптын саламаттыгы үчүн кандай жоопкерчилик алат?

20.04.2021 10:38
865
Министр Алымкадыр Бейшеналиев 300 бейтаптын саламаттыгы үчүн кандай жоопкерчилик алат?


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча өз сунушун өкмөт башчыга жолдоду. Айрым депутаттар министрдин уу коргошун менен коронавирусту дарылайм дегени кыргыз медицинасын уят кылды деп айтышты.


Ошол эле убакта айрым жарандык коомдун өкүлдөрү министрди бул аракеттери үчүн бардык илимий даражаларынан ажыратуу керек деп чыгышты. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Байкоочу кеңеши да ушундай эле пикирди билдирүүдө.


Буга анын 16-апрелде брифинг өткөрүп, анда covid-19 илдетин уу коргошундун тундурмасы менен айыктырса боло турганын, аны бүгүнкү күнгө чейин 300 адамга колдонушканын айтканы себеп болду. Ал журналисттердин алдында туруп, өзү дагы уу коргошундун тундурмасын ысык ичип жатты. «Муну чай ичкендей эле иче берсе болот» деди ал.


Ал эми медицинада бул тундурма дары катары эсептелинбейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы бул жагдай тууралуу «Клиникалык сыноолордон өтпөгөн дарыны каттоого жана калктын кеңири колдонуусуна сунуштоого болбойт» деген жооп айтты.


Ошентип эми Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтагы абалын кандай жагдай күтөөрү өкмөт башчынын чечимине жараша болот. Бирок, кеп аны кызматтан эле алып коюуда болбошу керек. Себеби, министрдин айтымында 300 адам уу коргошундун тундурмасын ичишкен. Андан бери дагы канча адамга ичирилгени азырынча белгисиз. Ошолордун мындан аркы саламаттыгы кандай болот? Уу коргошундун тундурмасы алардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип койгон жокпу? Дагы канча адам министрдин сөзүнө ишенип, өз алдынча дарыланып көрүү аракетин жасашты болду экен? Мына ушул суроолордун тегерегинде атайын комиссия түзүлүп, иликтөө ишин жүргүзүүлөрү зарыл. Эгерде уу коргошунду колдонуу менен саламаттыгына терс таасирин тийгизип алгандар болсо, анда ал үчүн да Алымкадыр Бейшеналиевдин жоопкерчилиги каралышы шарт. Себеби, ал министр башы менен медицинада расмий катталбаган уу коргошун менен дарылоо ыкмасын коомчулуктун алдында ачык жарнамалап чыкпадыбы. Же кызматтан алып коюу менен эле чектелиш керекпи?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн