Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Бул маалыматты ал өзү тастыктады.
Бейшеналиев арыз жазганын, президент чечимин колдогонун кошумчалады.
“Ушундай кылууга туура келди. Депутаттар каалады, мен кеттим. Жума күнү депутаттарга бир аз туура эмес жооп берип алдым эле, тажатышты. Айтылган сөзгө жооп бериш керек. Ишемби, жекшемби күндөрү үй-бүлөм менен сүйлөшүп, бир чечимге келдим. Жубайым катуу ооруп жатат, аны карашым керек. Президенттен сурансам ал дагы эс ал деди”, — деп билдирди Бейшеналиев бизге.
Өткөн аптада депутаттар министрдин “Кыргызфармация”, дарыгерлердин айлыгы жана маркумдардын органдарын трансплантациялоо боюнча ишин катуу сынга алышкан эле.
Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын августуна, 2023-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин министрликти жетектеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн