Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Toyota Prado үлгүсүндөгү унааны өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алган. Мындай пикирин жеке ишкер Илгиз Сарылдык уулу Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, FAO компаниясы министрликтин алдындагы балык чарба департаментинин башчысына 2018-жылы чыккан Toyota Prado үлгүсүндөгү унааны белек кылган.
"Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Toyota Prado үлгүсүндөгү унааны өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алган. FAO компаниясы министрликтин алдындагы балык чарба департаментинин башчысына 2018-жылы чыккан Toyota Prado үлгүсүндөгү унааны белек кылган.
Бирок эмнегедир унааны балык чарба департаментинин башчысы эмес министр Аскарбек Жаныбеков өзүнө ыйгарып алган",- деди жеке ишкер.
Мындан сырткары, Илгиз Сарылдык уулу президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып министрдин мыйзамсыз аракеттерине баа беришин суранган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн