Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министр Баатырова Эрдогандын колунан сыйлык алды

01.11.2022 11:50
343
Министр Баатырова Эрдогандын колунан сыйлык алды

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси өтүп, ага Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында “Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Режеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты. Сыйлыкты Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова да алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн