Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Министр Бейшеналиев Аравандагы мугалимдер менен жолугушту

01.04.2021 09:50
556
Министр Бейшеналиев Аравандагы мугалимдер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Т. Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуу эркин форматта болуп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашты.


Орто мектептин администрациясы А. Бейшеналиевден авариялык абалдагы окуу корпусунун ордуна жаңысын салдырууга жардам берүүнү өтүндү. Министр маселенин орчундуу экенин баса белгилеп, авариялык мектепти Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана турган курулуш объекттеринин тизмесине коштурууну убада кылды. Аны менен бирге А. Бейшеналиев бул мектепке 10 компьютерди белекке берди.


Иш сапарынын алкагында министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге жана “Гүлбаар” балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып кайтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн