Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Министр Бейшеналиев Кыргызстанда англис тилин жайылтуу маанилүү экенин билдирди

24.03.2022 08:05
368
Министр Бейшеналиев Кыргызстанда англис тилин жайылтуу маанилүү экенин билдирди

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Н. Коултер билим берүү жаатындагы кызматташтыкты арттырууну макулдашышты.  Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Министр Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөдө англис тилин жайылтууга кошкон көп жылдык салымы үчүн АКШ Элчилигине ыраазычылык билдирди.


А. Бейшеналиев билим берүүдө чет тилдердин, анын ичинде англис тилинин, ролун күчөтүү маанилүү экенин, анткени көптөгөн алдыңкы билимдерди окуучулар чет жактык булактардан англис тилинде ала алышарын белгиледи. Ошондой эле министр быйыл Кыргызстанга азыраак ыктыярчы жөнөтүлгөнүн, бирок Министрлик өлкөнүн билим берүү уюмдарында англис тилин окутуу үчүн АКШдан көбүрөөк сандагы ыктыярчыларды тартып келүүгө кызыкдар экенин айтты.


Өз кезегинде Соната Н. Коултер билим берүү ЮСАИДдин миссиясынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын билим берүү уюмдарында англис тилин окутууну уюштурууга кызыгуу күч экенин белгилеп, бул маселеде министрликке көмөктөшүүгө, ошондой эле англис тилин жайылтууга багытталган башка да биргелешкен демилгелерди кароого даяр экенин айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн