Азыркы учурда коронавирустун күчөгөн мезгилинде турабыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 оорусу менен жабыркагандар үчүн республикада азыр 2443 бош керебет бар, анын ичинен Бишкекте 340 бош керебет бар.
"Биз мурун COVID-19 оорусунун чокусун июнь-июль айларында болот деп алдын ала айткан элек, эми эң жогорку чекке жеттик, 10-14 күндүн ичинде оорунун төмөндөшү күтүлүүдө",- деп билдирди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн