Кыргызстандагы COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу катары белгиленүүдө. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттигине берген маегинде КР саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова айтты.
Ал эки жума катары менен оорунун 12-19 учуру аныкталганын маалымдады.
«Учурда бардык облустар «жашыл аймакта» турат, бул COVID байланыштуу эпидабал туруктуу экенин айтып турат. Бирок, ошентсе да, биз COVID-19га каршы вакцина алууга, санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз. Коронавирус инфекциясы кетпестигин, калк арасында жүрө берерин түшүнүүгө тийишпиз», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн