Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министр: Кыргызстанда көмүрдүн баасы 4 миң сом болгондо да жакшы киреше табышат

13.10.2022 15:08
326
Министр: Кыргызстанда көмүрдүн баасы 4 миң сом болгондо да жакшы киреше табышат

Кыргызстандын аймагында жергиликтүү көмүрдүн баасы 4 миң сомдун тегерегинде сатылышы керек. Бул тууралуу  энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.


“Бизде комиссия түзүлүп, өткөн жекшемби күнү көмүр саткан жайларга “Кыргызкөмүр”, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана укук коргоо органдары барышты. Көмүрдүн бир тоннасына 4 миң сом баа коюшту. Ким кымбат сатса, көмүр берилбейт. Көмүрдүн баасы 4 миң сом болгон күндө дагы сатуучуларга жакшы киреше түшөт”, - дейт ал.


Ибраев кымбат болгон көмүрлөр казакстандыкы экенин маалымдады.


“Казакстандын өзүндө көмүр тоннасына 100 долларга сатылууда”, - деди ал.


Энергетика министри Сүлүктүнүн көмүрү буга чейин дагы 8 миң сомдон төмөн болбой келгенин айтып, ал жакта көмүр колго казыларын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн