Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:00
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Министр: Кыргызстанда вакцина алган адам каза боло элек

04.10.2021 10:51
963
Министр: Кыргызстанда вакцина алган адам каза боло элек

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинадан бир дагы адам каза болгон жок. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, өлкө аймагында эмдөөдөн жалпы 1,5 млн адам өттү.


“Ар бири 7 күн аралыгында байкоодо болот. Министр катары коронавируска каршы вакцина алагандардын арасына каза болуу фактысы катталган жоктугун билдирем. Токтогулдагы вакцинадан каза болду делген аял боюнча териштирүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал аял вакцина алып жаткан учурда пневмония менен ооруганы аныкталган. Вакцинага чейин эле анын өпкөсүнө суу толуп калган”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн