Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин божомолунда, коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда май-июнь айларында башталышы мүмкүн. Бул тууралуу министр "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, ага чейин министрлик бир миллион адамды эмдөөгө жетишет.
“Былтыркы алгачкы толкун май-июль айларына туура келген. Антитела бир жылга жетет. Демек, быйыл май-июнь айларында күчөшү мүмкүн. Бирок, биз аны токтотуп калууга аракет кылабыз”, - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн