Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Министр: Мугалим аша чаап кеткен болсо ага чара көрүлөт

28.01.2022 10:43
1091
Министр: Мугалим аша чаап кеткен болсо ага чара көрүлөт

Министр Болотбек Купешев бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда жарандык активист соңку мезгилде коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан окуяга, Аламүдүн районундагы Лебединовка орто мектебинин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда орун алган окуяга, байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ар бир жарандын укугу корголууга тийиш экенин белгилеген министр жарандык позициясын ачык билдирип, мугалимдердин таламын талашкан социалдык катмар пайда болгону жакшы көрүнүш экенин айтты. Ошону менен бирге өлкө жетекчилиги мугалимдердин жашоо шартын жакшыртуу багытында ырааттуу иш алып барып жатканын маалымдады.


"Эгер мугалим өз ишинин майын чыгарган адис болсо, андай мугалимди барктап, коргоп алуу абзел. А эгер мугалим педагогикалык этиканы сактабай, аша чаап кеткен болсо, ага карата административдик чара көрүлүшү кажет. Ошондо баары өз ордуна келет", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн