Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:19
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Министр: Мугалимдерде жамааттык иммунитет пайда болду

26.08.2021 09:02
513
Министр: Мугалимдерде жамааттык иммунитет пайда болду


 Кыргызстанда 63 миң мугалим коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, өлкө аймагында 73 эмдөө пункту ачылып жатат.


“Дагы 20 миң мугалим вакцина алса, жамааттык иммунитет пайда болот деп ойлойм. Учурда бардык региондор эпидкырдаал боюнча “жашыл зонага” кирди. Окуу жайлар салттуу окутууга өтө алат. Эгер 15-сентябрда эпидкырдаал начарлап кетсе, анда окуу жайлар мурдагы алгоритм менен иштей баштайт. Жергиликтүү бийлик органдары окуу режими кандай түрдө болорун чечет”, - дейт ал.


Бейшеналиев студенттер каникулда жүргөндүктөн канчасы вакцина алгандыгы тууралуу маалымат жок экендигин белгиледи.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек (24%) жана Ош шаарында (45%) эмдөө темпи төмөн болгонун айтып, вакцинанын жетиштүү санда болгонуна карабастан ушундай көрүнүш болуп жатканын эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн