Маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбаев премьер-министр Садыр Жапаровдон кинотеатрларга иштөөгө уруксат берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-октябрдагы өкмөттүн жыйынында айтты.
Министрдин айтымында, кинотеатрлар жылына 100 млн сомдон киреше берет эле.
"Азыр тамактануучу жайлар, кафе-ресторандар иштеди. Тойлор, иш-чаралар болуп, коомдук транспорттор иштеп жатат. Бирок, эмнегедир кинотеатрлардын иши токтоп турат. Ушул маселени эртерек чечели. Анткени бул дагы бизнес, канчалаган адамдар бул тармак аркылуу иштеп, киреше таап жатышат", - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн