Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:44
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Министр Р. Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

16.10.2020 17:02
482
Министр Р. Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Удовиченко Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Казакбаевдин Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалышына байланыштуу жолдогон куттуктоосун жеткирген.

Сүйлөшүү учурунда Казакбаев Кыргызстандагы кырдаал акырындап турушташып, саясий процесстер конституциялык талаага келе баштаганын, аткаруу бийлиги толук түзүлгөнүн билдирген. Казакбаев Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк алаканы арттырууга маани берерин айтып, Россияга тарапка көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болуп, мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланган.

Тараптар пландалган иш-чараларды, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылашы жылынын алкагында белгиленген иш-чараларды уюштурууга, стратегиялык өнөктөштүк маанайдагы конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин белгилешкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн