Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Министр: Россиядагы мигранттар массалык түрдө кайтып келсе жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүк жок

10.03.2022 16:53
490
Министр: Россиядагы мигранттар массалык түрдө кайтып келсе жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүк жок

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Россияда акыркы кырдаалга байланыштуу жумуш орундары кыскарып, мигрант мекендештер өлкөгө кайтып келсе, кандай жумуш орундары түзүлөт деген суроо менен министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылды.


"Россиядан башка өлкөлөр менен миграция маселеси боюнча иштер жүрүп жатабы?" деп суроо салды эл өкүлү. Экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангельдиев учурда тийиштүү министрликтерге жогорудагы маселе боюнча тапшырмалар берилип жатканын айтты.


"Азыркы учурда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги эле эмес Тышкы иштер министрлигине Түркия, Корея өлкөлөрү менен миграциялык режимди жеңилдетүү боюнча тапшырмалар берилип жатат", - деди министрдин орун басары.


Ошондой эле ал массалык түрдө мигранттар өлкөгө кайтса, баарын жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалады. Мындан тышкары депутат Акаев учак билеттеринин баасы кымбаттап жатканын, анын чечүү жолдорун сурады.


"Бул убактылуу нерсе. Анткени лизинг компаниялардын баары Европа аймагында жайгашкан. Россия тарап деле бул маселени чечүү үстүндө. Алардын деле иш планы бар. Бир жуманын ичинде учактар кайра учуп баштайт деп ойлойм", - деди Амангельдиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн