Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Министр С.Абдикаримовдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкты

12.04.2020 11:01
1089
Министр С.Абдикаримовдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкты


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов COVID-19 инфекциясына карата эки жолу анализ тапшырып, экөөндө тең таза чыкты. Бул тууралуу анын орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, министр болуп дайындалганга чейин Жалал-Абад облусунда коронавирус катталган аймактарга чейин барып, абал менен таанышуу сапарлары уюштурулган.


Сабиржан Токтосунович жоопкеркерчиликтүү координат катары Жалал-Абадда болгон. Ал жакта жүрүп анализ тапшырган, бирок таза чыккан. Кийин Бишкекке келип да анализ тапшырып, жыйынтыгында коронавирус жок экени аныкталды”, - деди Каратаев.


Ал кошумчалагандай, министр учурдагы эпидемиологиялык абалдын курчтугуна байланыштуу кызматтык жоопкерчилиги жана милдеттери үчүн 14 күндүк карантинге жатууга мүмкүнчүлүгү болгон жок. “Жакында биз дагы анализ тапшырып, барыбыздан таза чыкты”, - деди ал.


Каратаевдин айтымында, эгерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратында же башка бөлүмдөрүндө бирөө коронавирус жуктуруп алган болсо, бардык бардык кызматкерлер обсервацияга алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн