Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министр: “Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 13 миң үй-бүлөнүн тогузу гана ишкердик кыла албай калды

10.08.2023 10:32
228
Министр: “Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 13 миң үй-бүлөнүн тогузу гана ишкердик кыла албай калды


"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган 13 миң үй-бүлөнүн тогузу гана ишкердик кыла албай калды. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев айтканын маалымат кызматы билдирди.


Мамлекеттик программага катышкандардын 96 пайызы — аялдар.


"Бир жарым жылда 13 миң үй-бүлөнүн ичинен тогузу гана жүйөлүү себептер менен сунуштаган долбоорун жүзөгө ашыра албай калды. Себеби кээ бири каза болсо, дагы бири көчүп кетти. Калган үй-бүлөлөр жөлөк пул алуучу статусунан жеке ишкер макамына өтүп, өзүн-өзү камсыздап, жашоо-турмушун оңдоп алышты", — деди министр.


Аны менен катар Базарбаев президенттин жакырчылыкты жоюу боюнча демилгеси эффективдүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн