Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы бакчада кичинекейлердин сабалышы боюнча ата-энелерден кечирим сурады. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.
"Бала бакчада баланы жазалап жаткан, "тарбиячы" деп айтканга ооз барбаган акмактын балага жасаган зомбулугун көрүп, ата-энелерден кечирим сурайм. Урматтуу ата-энелер, сиздер да бизге жардам бергиле, эгерде наристелер мекемелеринде болуп жаткан зомбулук окуялары болсо түз билдиргиле", — деди министр.
Кендирбаева "тарбиячы" жазаланарын, аны ишке алган аталган мекеменин жетекчиси дагы кызматтан кетерин билдирди. Ал наристелер менен иштеген ар бир кызматкерди текшерүү үчүн атайын медициналык көзөмөл болорун кошумчалады.
Социалдык тармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары бөбөктөрдү сабап жаткан видео тараган. Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирген.
Окуя Сузак РИИБинде катталып, бирок фактыны прокуратура текшерип жаткандыктан топтолгон материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн