Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Министр Текебаев курган Ош–Ноокат жолу талкаланып атса, канча миллион чыгаша эсептелет?..

04.10.2023 11:12
270
Министр Текебаев курган Ош–Ноокат жолу талкаланып атса, канча миллион чыгаша эсептелет?..


Жаңы бүткөн Ош–Ноокат жолу тешилип, чөгүп, талкалана баштаганын жергиликтүү тургундар жар салышууда. Видеолор дагы тарап жатат. Бузулган жерлерин кайра оңдоп, жамап-жазгашканын да чыгарышууда. Бул эмне деген көрүнүш? 1-сентябрга чейин жолду бүтүргөнүн транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жарыялап, мактануу менен соцтармактарга чыгарган. Ай айланбай ашмалтайы ачыкталууда. Текшерүүчү органдар көз салышабы? Ар бир кадамын видеого, сүрөткө тарттырып, пиарды өлө сүйгөн Тилек Текебаевдин текирең таскагы окшошпосо да угулуп атты эле. Аныгында, жаңы курган жолу жараксыз абалга кептелсе, кызматтык карьерасы бүткөнү ушулбу? Мамлекеттин миллиондогон акчасы кетип атса, ага карата кылдат, этият мамиле жасалышы керек да, туурабы? Кандайча баа берилет? 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн