Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 19:58:38
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Министр Улан Ниязбеков Элдик курултайдын делегаттарынын кайрылууларын жана арыздарын кабыл алууда

15.12.2023 17:46
463
Министр Улан Ниязбеков Элдик курултайдын делегаттарынын кайрылууларын жана арыздарын кабыл алууда


Ички иштер министи Улан Ниязбеков экинчи Элдик курултайдын делегаттарынын кайрылууларын жана арыздарын кабыл алууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министрликке жалпы 25 арыз, кайрылуу жана ыраазычылыктар келип түшкөн.


"Бүгүн Элдик курултайга ички иштер министи Улан Ниязбеков дагы катышууда.  Министр курултайга катышкан делегаттарды кабыл алып, алардын  кайрылууларын, арыздарын  жана ыраазычылыктарын кабыл алууда. Учурда жалпы жонунан ички иштер министрлгине 25 арыз, кайрылуу жана ыраазычылыктар келип түштү. Министр баардык кайрылуу, арыздар жана маселелери боюнча тиешелүү кызматтарга тез арада чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Министр Элдик курултайдын делегаттарын эртең, 16-декабрда да кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, иш-чара 15-16-декабрь күндөрү өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн