Кыргызстанда күз мезгилинин аягында жаңы конуштардын 146 миң жашоочусу кызыл китеп алат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, жер амнистиясы жөнүндө мыйзам кабыл алынган.
“Кадастардын” кызматкерлери райондук комиссия жана башкалар менен ушул маселенин үстүндө иштеп жатат. Аларга кыска мөөнөттө документтерди берүү тапшырмасы берилген. Бирок мында жашоочулар дагы бизге жардам бериши керек. Биз аракет кылабыз, анткени алдыбызга тапшырма коюлган”, - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн