Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министр эл кышында электр энергиясын үнөмдөбөсө жумалап жарыксыз отуруп каларын эскертти

29.09.2023 12:56
587
Министр эл кышында электр энергиясын үнөмдөбөсө жумалап жарыксыз отуруп каларын эскертти


Энергетика министри Таалайбек Ибраев кыргызстандыктар кышында электр энергиясын үнөмдөбөсө жумалап жарыксыз отуруп каларын эскертти.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Бишкек ТЭЦине барып, энергетиктердин күз-кышка даярдыгын текшерген. Анын алкагында Ибраев журналисттердин "кышкысын электр энергиясы өчүрүлбөйбү?" деген суроосуна жооп берди.


"Электр энергиясын алып жаткан кардардын техникалык шарты болот. Ошондой ашырбай колдонушу талап кылынат. Ар бир абонент өзү үнөмдөшү керек, антпесе биз үнөмдөткөнгө мажбур болобуз. Айрыкча көп колдонулган маалда (час пик), мисалы, кечинде 19:00дөн 21:00гө чейин, эртең менен 6дан 9га чейин. Эгер биз чектебесек, трансформаторлордун кубаттуулугу жетпей күйүп кетиши мүмкүн. Бизде авариялык запас ченемдүү эле. Эгер өчүп калса жумалап жарыгы жок отуруп калышат", — деди министр.


Ошондой эле ал бүгүнкү күндө электр станцияларынын кышка даярдыгы 82-86 пайызды түзгөнүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн