Кыргызстанда эмне үчүн Sinopharm вакцинасы колдонулуп жатат башка вакцина алсак болбойбу? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге узатты.
Министр Sinopharm вакцинасынын бир топ оң жактарына токтолду.
"Биринчиден, кытайдын Sinopharm вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун каттоосунан өткөн. Экинчиден, вакцинанын сакталышы ыңгайлуу башкача айтканда, +2 - +8 градуска чейин сакталат. Үчүнчүдөн, кыргыз-кытай жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин вакцинаны сатып алуу жана жеткирүү арзанга турууда",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн