Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Министр калп айттыбы же министрликпи?

06.04.2021 10:43
1100
Министр калп айттыбы же министрликпи?

Европа мамлекеттеринде коронавирус пандемиясы кайрадан күч алып, катаал карантиндик чектөөлөр киргизиле баштады. Ошону менен катар эле, аларда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө жигердүү ишке ашууда. Анан дагы ал өлкөлөрдө дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын, ооруканаларда орундардын тартыштыгы жок. Баары алдын ала даярдалып, калктын саламаттыгы үчүн камсыздалган.


Ал эми бизде дагы деле өткөн жылдын март-апрель айларында кандай жагдай болсо, ошондой эле абал.

Биринчиден, өлкөнүнүн саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бирдиктүү айтылган маалымат жок. Кимисине ишенип, кимисине ишенбей коеруңду билбейсиң. Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун антителосу бар экендигин, ошондон улам ал эмдөөдөн өтпөсө деле боло турганын айткан. Андан кийин премьер-министр Улукбек Марипов да коронавируска каршы эмдөөдөн азырынча өтпөй турганын өкмөт билдирген. Анын да антителосу бар экендигин айтышкан.


Ал эми жакында эле аталган министрлик «Фейсбуктагы» баракчасына «Коронавирус менен ооруп айыккандар үчүн эмдөө зарыл эмес деген сөз туура эмес» деген маанайда билдирүү менен чыкты. Министрликтин айтымында covid-19 менен ооруп айыккандардын антителосу канча убакыт сакталары белгисиз, алар вирусту кайрадан жуктуруп алуулары мүмкүн.


Ошондо карапайым эл кимге ишениши керек? Министр Алымкадыр Бейшеналиевгеби, же министрликтин билдирүүсүнөбү? Же антитело жогорку кызматтагыларга гана жардам бере алабы? Мына ушул эки ача пикир тууралуу министр Бейшеналиев кайрадан эл алдында ачык жана так жооп берип койсо жакшы болмок.


Дагы бир ача пикирди кошумчалай кетели. А. Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну май-июнь айларында башталышы мүмкүн экенин айтты. «Былтыр алгачкы толкун май-июль айларына туура келген. Антитело бир жылга жетет. Демек, быйыл май-июнь айларында күчөшү мүмкүн. Бирок, биз аны токтотуп калууга аракет кылабыз», - деди ал.


Министр антитело бир жылга жетет деп айтып жатат, ал эми министрлик антитело канча убакыт сакталаары белгисиз экенин айтты. Мында да кимге ишениш керек?


Үчүнчүдөн, үчүнчү толкун май-июнь айларында башталат деп маалымат бергенден кийин, аны алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын да так айтып кетсе болот беле? Калкты эмдөөдөн тышкары кандай чаралар көрүлөт? Макул, ошол толкун келгенге чейин миллиондой адам эмделип калат экен, а калгандарычы? Эмделгенге жетишпей калгандардын саламаттыгы үчүн кандай камкордуктар жасалат? Деги эле өткөн жылдагыдай күнүнө боо-боо болуп жыгылган, күнүнө 40-50дөн адам каза болгон көрүнүш кайталанбайбы? Дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын запасы жетиштүүбү? Медиктер атайын даярдыктан өтүп жатышабы? Калкка түшүндүрүү иштери эмнеге жеткиликтүү эмес?


Чынын айтканда, акыркы күндөрү бул илдетке чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Каза болгондор да болуп жатат. Мисалы, 5-апрелге карата илдет 139 адамдан табылып, бир адам каза болгону айтылды. Андан бир күн мурда төрт адам каза тапты. Үчүнчү толкун келелекте эле илдеттен көз жумгандар күнүнө катталып жатканы коронавируска каршы турууга даярдыктын жакшы эмес экенинен кабар бербейби?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн