Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбева кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазылык билдирди. Бул тууралуу министрликтен маалымдады.
Маалыматка ылайык, алар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Асанбаев атындагы орто мектептин мугалимдери Дамира Султанбаева менен Бактыгүл Дадакеева.
“Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбева аба ырайынын катаал шартына карабастан, сабагын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазылык билдирет”, - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн