Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Министр коомчулукка таанымал адамдардын кылмыштуу ишке аралашканы өкүнүчтүү экенин белгиледи

25.01.2022 07:56
908
Министр коомчулукка таанымал адамдардын кылмыштуу ишке аралашканы өкүнүчтүү экенин белгиледи

Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду иши боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Министрдин пикиринде, аталган иш тыкыр иликтөөдөн өтүп жатат.


"Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңги заттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок факты деген факты экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк.


Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдынкы, прогрессивдүү, билимдүү азаматтардын баңги заттарды пайдаланып, атүгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт. Экспертиза кашкайтып айтып жатат. Дагы бир баса белгилеп айта кете турган жагдайлар бар. Биз учурда кармалган жарандардын баңги заттарды кайдан жана кимден алышкандыгын, кимдер менен байланыштары болгондугун, айтор, баңги заттарга байланыштуу бардык жагдайларды тыкыр иликтөөнү жүргүзүп жатабыз. Тергөөнүн кызыкчылыктарына байланыштуу да жагдайлар бар. Мыйзам деген мыйзам, бардыгы мыйзам чегинде болот. Эң негизгиси иликтөө, тергөө иштери акыйкат жүргүзүлөт", - деди Ниязбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн