Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Министр коронавируска чалдыккандардын жеке маалыматын айтуудан баш тартты

20.03.2020 10:03
563
Министр коронавируска чалдыккандардын жеке маалыматын айтуудан баш тартты


Ноокат районунда коронавируска чалдыккандар Ош шаарынындагы аэропортко келип конушкан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, учурда алар кимдер менен байланышта болгону, канча адам менен чогуу болгон жана башка тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын топ жерине барып иштеп жатат.  


Министр ошондой эле бул жарандардын жашы канчада, жынысы кандай жана башка өздүк маалыматтары боюнча айтуудан баш тартты.


"Биз алардын ден соолугу кандай, кандай жардамдар көрсөтүлүп жатат мына ушулар боюнча гана айтып турабыз. Ал эми жеке маалыматтарды бере албайбыз. Себеби алардын жакындары, кошуналары болот дегендей. Ошондой эле кээ бири дүрбөлөң да кылышы мүмкүн ", - деди ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн