Коронавирус илдети аныкталган үч Кыргызстандык адамдын абалы учурда канааттандырарлык. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-мартта маалымат жыйында билдирди.
"Коронавирус аныкталган Сузак районунун үч тургуну азыр ооруканада. Абалдары канааттандырарлык. Дене табы 37,5 градусту көрсөтүүдө. Жергиликтүү дарыгерлерге Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери консультация беришүүдө. Бейтаптар жөтөлгөн жок, абалдары өтө начар эмес", - деди Чолпонбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн