Коронавирустун "омикрон" штаммы Кыргызстанда катталса эч кандай чектөөлөр киргизилбейт. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКИпресс агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда «омикрон» штаммы Кыргызстанга качан келерин айтуу кыйын.
«Бир гана кудай билет, балким бүгүн кечинде келет. «Омикрон» жайылган Россия менен күнүнө 5 авиакаттамыбыз бар», - деди Бейшеналиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн