Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Министр: "Дарыканаларда беткаптын баасы 10 сомдон ашпайт"

13.03.2020 15:08
1546
Министр: "Дарыканаларда беткаптын баасы 10 сомдон ашпайт"


Кыргызстанда азырынча беткаптардын запасы жетиштүү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 13-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде атайын гуманитардык склад бар. Ал жакта жетиштүү көлөмдө беткаптын запасы турат. Андан тышкары ооруканалардын барында беткаптар жетиштүү көлөмдө.


"Базарларда беткап тартыштыгы орун алып атат. Азыр үч компанияга тапшырма бердик. Алар 440 дарыканага беткаптарды таратып беришет. Ал жерде жаңы тартипти киргиздик. Ага ылайык, дарыканаларда 10 сомдон үйдө сатылбашы керек жана ар бир адамга үчтөн гана берилиши зарыл. Азыр бир компанияга беткап даярдоо боюнча буйрутма бердик. Сыноо катарында эмки жумуда даярдап чыгарып бериши шарт. Мындан тышкары 3 айдын ичинде беткаптарды даярдап берүүгө буйрутмалар берилген. Кыргызстанда жеткиликтүү көлөмдө запасын сактап туруу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз", - деп кошумчалады министр.  

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Майрамбек
Ушундай кырдаалда б.а.маска керек учурда эмне учун баасын 10 сом кылып которуп салдынар.Бир масканы 2 сааттан ашык тагынууга болбойт.Ар бир жаран кунуно жок дегенде 5 маска алууга туура келет. Урматтуу Космосбек Сариевич мен Сизге кайрылаарым Кыргызстандын аптекаларындагы 10 сом болуп кеткен масканы 5сом кылып мурдагы баасында сатышса болбойбу.
Алтынбек
Нарында беткап 25сомдон сатылып атат даарыканаларда
Алтынбек
Нарында беткап 25сомдон сатылып атат
Айгул Жумашова
Айыл жергесинде "маскага" деле аябай зарылчылык жоктой, кочого коп чыкпай кичине балдар менен уйдо эле олтурабыз. Мектепте окуган балдарыбызга санааркап жатабыз каникулга чыгара берсенер болмок. Алар маска деле кийген жок.