Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Министр: "Омикрон" башка штаммдарга караганда 5-10 эсе жугуштуу

17.01.2022 10:59
689
Министр: "Омикрон" башка штаммдарга караганда 5-10 эсе жугуштуу

Коронавирустун “дельта”, “альфа” штаммдары менен улгайган адамдар ооруса, “омикрон” менен жаштардын көбү ооруп жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкунунун келиши жаңы жылдык майрамдар, корпоративдер жана кышкы туристтик сезон маалында адамдардын көп чогулушу себеп болгон.


“Өлкөдө катталган “омикрон” штаммы башка штаммдарга караганда 5-10 эсе тез жайылат. Бирок “омикрон” жарандарда жеңил өтүп, ооруканада жаткан бейтаптардын саны аз. Адамдардын 70 пайызы амбулатордук түрдө дарыланууда. Учурда оорукананын баары даяр турат”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн