Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Министр тез жардам кызматынын кызматкерлеринин айлык акысына нааразы болду

26.10.2023 15:25
302
Министр тез жардам кызматынын кызматкерлеринин айлык акысына нааразы болду


Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам кызматынын кызматкерлеринин айлык акысынын аздыгына нааразы болду.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча 726 бригада иштеп жатат.


«Бул эң негизги көйгөй. Кызматкерлер жетишсиз. Айлыгы аз, алардын коопсуздугу каралган эмес. Тез жардам кызматкерлери үчүн эң төмөнкү айлык 7 миң сомдон 9 миң сомго чейин», - деди чиновник.


Депутат Кубанычбек Самаков 2024-жылдын республикалык бюджетине тез жардам кызматынын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү үчүн акча каралганбы деген суроону койду.


«Бул маселе министрлер кабинети менен чечилип жатат. Бул каражаттарды бюджетке киргиздик. Эгер депутаттар колдосо, өсүш күтүлүүдө. Бул курч көйгөй. Бишкекте тез жардам унаалары бар, бирок иштей турган бригадалар жок”, - деп түшүндүрдү Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн