Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Министр: Өз алдынча дарылануунун кесепеттери аянычтуу болушу ыктымал (видео)

22.06.2020 17:00
880
Министр: Өз алдынча дарылануунун кесепеттери аянычтуу болушу ыктымал  (видео)


Өз алдынча дарылануу менен алектенбегиле, - деди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 22-июндагы онлайн брифингде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып. 


Аны айтымында, бир сутка ичинде коронавирустан каза болгон 3 адам тең, бир күн гана ооруканада болушкан. Ага чейин өз алдынча дарыланып келишкен.  


"Ошондуктан оорунун биринчи белгилерин байкаган соң, дароо медициналык кызматкерлерге кайрылуу керек. Өз алдынча дарылануунун кесепеттери аянычтуу болушу ыктымал" - деди министр. 


22-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учуру катталды.  Муну менен республика боюнча жалпы 3356 учур болду. Ал эми бир суткада 3 адам каза болуп, жалпы 40 адамды түздү. 






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн