Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Министрдин айылдарды дезинфекция кылып атабыз дегени калп, - Кызыл-Октябрь айылынын жетекчиси

03.04.2020 20:18
6846
Министрдин айылдарды дезинфекция кылып атабыз дегени калп, -  Кызыл-Октябрь айылынын жетекчиси


Жаңы келген саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айылдарды ӨКМ менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти  дезинфекциялап жатат деген сөзү чындыкка дал келбейт. Мындай пикирин Өзгөн районунун  Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысы Эржигит Пасанов билдирди.  


Пасанов жаңы министр парламенттин жыйынында таптакыр туура эмес маалыматтарды айтканын, бардык каражаттарды техникаларды айыл өкмөттөр өздөрү таап, камсыз кылып жаткандыгын кабарлады.


"Министр айтып жатат дезинфекциялык иштердин барын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен  Санитардык-эпидемиологиялык кызмат эле кылып жатат деп. Чынында андай эмес, бүт эле айыл өкмөттөр өз күчтөрү менен эле кылышууда. Мисалы Өзгөн районундагы айыл өкмөттөрдө өзүбүз эле хлор сатып алып, өз күчүбүз менен эле трактор таап, айылдарды дезинфекция кылып жатабыз", - дейт Пасанов. 


Ал айрым атайын каражаттар берилген, бирок ал өтө аз өлчөмдө дейт. Мындан сырткары орнотулган блокпосттор да алардын моюнунда экендигин айтат.  


"Райондон бизге баш аягы 25 литр хлор берди. Ал айыл аймакты жалпы эмес, бир кичине айылды бир жолу дезинфекциялаганга да жетпейт.  Мен өзүм 345 литр хлорду жаныман сатып алып келдим. Бизде 9 айыл бар, барын ар 3 күн сайын дезинфекциялап жатабыз. Жада калса борбордук блокпосттордон бери айыл өкмөттөргө жүктөп салган. Биздин айылга баш аягы 4-5 пост коюлган ал жердеги кызматкерлерге мен өзүм атайын кийимдерди сатып келип бердим. Алардын тамак-ашы да биздин моюнубузда", - деди Пасанов.  


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште депутаттар дезинфекциялоо иштери айыл өкмөттөргө жүктөлүп, алар эмне кыларын билбей жатышканын айтышкан. Буга саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов каршы болуп, айылдарды ӨКМ менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти дезинфекциялап жатат деп айткан болчу.  




Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Гуласель
Маявка айылы деле дезинфекция боло элек.
север
келип келе элек жатып эле кулака тээп баштаганго кайсы айылды кылыптыр ачык айтпайбы мына мисалы Нарын обл акталаа р/ну Кош Добоб айылына бир грам хлор бир штук маска берген жан жок эл айыл окмот озу эле арекет кылып керектуу приборду формаларды оздору эле алышты
Венера
Калп министрдин айтканы
Фархат
Ак-Босого жаны конушу качан дисинфеция болот ушул убакка чейин бир да жолу болгон жок