Өзбекстанда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына байланыштуу маданият кызматкерлери жумуш орундарында топу кийип иштөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков билдирди.
Ал бүтүндөй калкты улуттук баш кийимдин баалуулугун сактап калууга чакырган.
Мындан улам өлкөдө активисттер, патриоттор жана таанымал саясатчылар Назарбековдун демилгесин колдоп топу кийип сүрөткө түшүп, флешмоб уюштурууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн