Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Министрдин орун басары күз-кыш мезгилине даярдык боюнча бир катар тапшырмаларды берди

08.09.2021 09:57
879
Министрдин орун басары күз-кыш мезгилине даярдык боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраевдин төрагалыгы алдында 2021-2022-жылдын жылытуу мезгилине отун-энергетикалык ишканалардын даярдыгы боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, отурумга республиканын отун-энергетикалык ишканаларынын жетекчилери дагы катышты.


Жыйында энергокомпаниялардын 2021-жылдын 8 айындагы ишмердүүлүгү жана 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралды.


Жыйындын соңунда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө 2021-жылдын 9-апрелиндеги №137 токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы берилди.


- «Токтогул ГЭСин реаблитациялоо» долбоорунун 2чи фазасынын алкагында гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштерди тыкыр көзөмөлгө алуу;


- «CASA-1000», «Ат-башы ГЭСин реконструкциялоо», «Уч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» жана башка инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлгө алуу.


Мындан тышкары, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жана башка көмүр казуучу ишканаларга төмөнкү милдеттерди аткаруу керектиги эскертилди:


- 2021-2022-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында Бишек ЖЭБине көмүрдү белгиленген графикте жана өлчөмдө жеткирүүнү камсыз кылуу;


- Жылытуу мезгилине чейин бюджеттик мекемелерди жана калкты жетиштүү көлөмдөгү көмүр мене камсыз кылуу;


«Кыргызнефтегаз» ААКга:


- Ош шаарындагы ЖЭБди мазут менен белгиленген өлчөмдө жана графикте камсыз кылуу.


«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына» төмөнкү сунуштар берилди:


- Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдүү колдонуу жана элект энрегиясынын керектөө лимитин сактоо;


- Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн капиталдык оңдоо жана жабдууларды модернизациялоо иштеринин аткарылышын камсыз кылуу;


- Дебютордук карзыдарды чогултуу;


- 2021-жылга бекетилген негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтү аткарууну камсыз кылуу;


- Электр энергиясын үнөмдөо боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана сарамжалдуу колдонуу боюнча иш чараларды кабыл алуу;


- «Электр станциялар» жана «Кыргызстан УЭТ» ААКтарына 2022-жылы кошумча электр энергиясын импорттоо маселесин карап чыгуу.


Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетикалык, өнөр жай жана тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияга төмөнкү тапшырмалар берилди:


- Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу жана алдын алуу, ошондой эле өчүрүүлөр боюнча анализ жүргүзүү үчүн тийиштүү иш чараларды аткаруу тапшырмасы берилди.


«Газпром Кыргызстан» ЖЧКга төмөнкү сунуш берилди:


- 2021-жылдын Инвестициялык программасынын алкагында социалдык обьектилерди газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү улантуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн