Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйында кесиптик окуу жайлар боюнча мыйзам долбоору каралды.
Депутат Сагындык Келдибаев Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуровго: "Өзгөн районунда канча кесиптик лицей бар?",- деген суроо берди.
"Өзгөн районунда так канча лицей бар экени боюнча азыр толук маалыматым жок. Жалал-Абад облусу боюнча кесиптик лицейлердин саны...",-деди Омуров.
"Мен сизге Жалал-Абад облусун айткан жокмун. Өзгөн району Жалал-Абад облусуна карайбы?",- деди депутат.
"Өзгөн району Баткен облусуна карайт",- деди министрдин орун басары.
"Министрдин орун басары Кыргызстандагы эң чоң райондордун бири Өзгөн районун кайсы облуска карарын билбейби?", - деди Келдибаев.
"Мен азыр чаташтырып алдым",- деди Омуров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн