Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Министрлер кабинети COVID-19дун жаңы штаммы тууралуу жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети COVID-19дун жаңы штаммы тууралуу жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети COVID-19 вирусунун жаңы штаммы пайда болгонуна байланыштуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун өкүлдөрү менен чукул кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аткаруу бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Дүйнөдө omicron деп аталган коронавирустук инфекциянын жаңы штаммы пайда болгон. Буга байланыштуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен ыкчам чараларды иштеп чыгууну талкуулады.


Жакында эле COVID-19дун «омикрон» деп аталган жаңы штаммы ДССУ тарабынан вирустун «тынчсызданууну жараткан» түрүнө кирген.


ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карабастан, инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн эмдөөнү тездетүү зарылдыгын айтты. Ал «омикрон» штамы башка COVID-19 штаммдарына салыштырмалуу тез таралуу жөндөмүнө ээ экенин эскертти.


Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушуна байланыштуу, эртең, 29-ноябрда өкмөт конкреттүү чечимдерди кабыл ала турганын билдирди.


Ал Саламаттыкты сактоо жана Тышкы иштер министрлигине коронавирустук инфекциянын жаңы штаммынын Кыргызстандын аймагына жайылышын алдын алуу боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүүнү, бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.


«Биз анализ жүргүзүп, так далилдерди алдык, акыркы айлардагы өлүмдүн бардыгы эмдөөдөн өтпөгөндөр арасында гана катталып жатат. Вакциналар сөзсүз түрдө адамдын өмүрүн сактап калды, инфекция болгондо да оору жеңил формада өтөт», — дейт Эдил Байсалов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн