Бугу 07, 2024
Убакыт: 17:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Министрлер кабинети: Кыргызстанда ипотекага үй алуу кымбаттады

22.04.2022 09:15
350
Министрлер кабинети: Кыргызстанда ипотекага үй алуу кымбаттады

Кыргызстанда эми ипотекага чарчы метри 70 миң сомго чейинки батирди алууга болот. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев координациялык кеңештин жыйынын өткөргөн. Анда "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында сатып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси каралган.


Буга чейин турак жайдын бир чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сом болгон.


"Кеңири талкуунун жыйынтыгы боюнча турак жайдын бир чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сомдун ордуна 70 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бирок баа боюнча жаңы чектөөлөр акыркы 10 жылдын ичинде пайдаланууга берилген турак жайларга жайылтылбайт. Ошондой эле ал иштеген жеринен 60 чакырым алыс эмес же иштеген жери боюнча облустун административдик-аймактык чегинде жайгашуусу тийиш", — деп жазылган маалыматта.


Кожошев турак жайды алуу шарттары ийкемдүү жана аны аткарууга мүмкүн болушу керектигин билдирген.

Өз кезегинде "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК башкаруучулугунун төрайымы Аида Төлөгөнова дүйнөдөгү саясий окуяларга жана доллардын курсунун туруксуздугуна байланыштуу "Менин үйүм 2021-2026" программасына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин белгилеген.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн