Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Министрлер кабинети Кумтөрдө убактылуу тышкы башкарууну дайындоо тартибин бекитти

17.05.2021 22:18
902
Министрлер кабинети Кумтөрдө убактылуу тышкы башкарууну дайындоо тартибин бекитти


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 17-майда, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы №7 "Убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтом кабыл алды.


Министрлер кабинетинен билдиришкендей, "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамдын 651-беренесин ишке ашыруу максатында убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоо тартиби бекитилген.


Экономика жана финансы министрлигине ушул жарлыктан келип чыккан комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды.


Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


Өкмөттүн сайтында маалымдалгандай, Экономика министрлиги дагы 17-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Убактылуу тышкы башкаруучу дайындоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.


Ушул Тартип жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коомдордо убактылуу тышкы башкаруу жол-жоболору мезгилинде убактылуу тышкы башкаруучуну (мындан ары – тышкы башкаруучу) дайындоону жана анын тартибин аныктайт. 


Убактылуу тышкы башкаруучунун милдети болуп иштин таасир этүү зонасында иштеген же жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын бузууларды четтетүү үчүн коомдун ыйгарым укуктуу органы тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлбөгөн шартта юридикалык жактын үзгүлтүксүз өндүрүштүк, экономикалык жана башка ишин камсыз кылуу саналат.


Тышкы башкаруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү коомдо тышкы башкаруу жол-жоболорун жүргүзүүгө жооптуу болгон тышкы башкаруучунун талапкерлигин киргизүүчү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен дайындалат. 


Коомдо убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу деп ушул Тартиптин 2-пунктунда каралган максаттар үчүн атайын дайындалган тышкы башкаруучунун ушул Тартип менен регламенттелүүчү иши түшүнүлөт.


Тышкы башкаруучу төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) жеке жактар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жараны; 

- экономикалык, юридикалык же техникалык чөйрө жаатында жогорку билиминин болушу;

- жетекчилик кызматта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы;

 

2) юридикалык жак үчүн:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган;

- консультациялык жана/же консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү иши;

- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы;  


Тышкы башкаруучу дайындалган учурдан тартып убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде коомдун аткаруучу органынын ыйгарым укуктары токтотулуп турат. Убактылуу башкаруучуга коомдун уставында, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын акционердик коомдордун ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган коомдун аткаруучу органынын бардык ыйгарым укуктары берилет.


Тышкы башкаруучу учурдагы жетекчиликти ишке ашырат, юридикалык жактын финансылык-экономикалык ишин жүргүзөт жана жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында банк мекемесинде атайын алыш-бериш эсебин ачууга милдеттүү, ошондой эле анын ичинде төмөнкүлөр менен чектелбестен иш-аракеттерди жасоого укуктуу:


1) коомдун аткаруучу жана контролдоочу органын түзүү жана кайра чакыртып алуу;


2) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү, анын кирешелерин жана чыгымдарын бөлүштүрүү;


3) коомду мамлекеттик кайра каттоо, кайра уюштуруу же ишин токтотууну каттоо жөнүндө чечимди кабыл алуу;


4) эмгектик, бардык жарандык-укуктук, анын ичинде тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүү;


5) банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди ачуу жана жабуу;


6) төлөмдөрдү жүргүзүү жана акча каражаттарын, алардын эквиваленттерин берүү;


7) юридикалык жактын атынан ишеним катсыз иштөө;


8) жумушчуларга жана үчүнчү жактарга ишеним каттарды берүү;


9) мамлекеттик органдарда, сот жана башка органдарда юридикалык жактын атынан чыгуу.


Жогоруда аталган милдеттерди аткаруу үчүн тышкы башкаруучу төмөнкү укуктарга жана милдеттерге ээ:


1) коомдун иши жөнүндө бардык маалыматтарды тоскоолдуксуз алууга жана аларга түздөн-түз ээ болууга;


2) бардык бухгалтердик китептерди, отчетторду же коомдун ишине тиешелүү болгон башка документтерди талап кылууга жана өзүнүн тескөөсүнө алууга;


3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ай сайын коомдун иши жөнүндө отчет берүүгө;


4) тышкы башкаруучуга жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүү аткарууга;


5) коомдун гана кызыкчылыгында иштөөгө, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө;


6) коомдун активдерин натыйжалуу тескөөгө.


Коомдун катышуучулары (уюштуруучулары), акционерлери, жетекчилери, кызматкерлери тышкы башкаруучуга анын функциялык милдеттерин аткарууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшү керек.


Тышкы башкаруучу коомдун каражаттарынын эсебинен сый акы алууга укуктуу. Сый акынын өлчөмү коомдун ички локалдуу актыларында белгиленет.


Тышкы башкаруучу юридикалык жактын бардык чыгуучу документтеринде (каттарда, эсеп-фактураларда, келишимдик, финансылык документтерде ж.б.) коомдо тышкы башкаруу жол-жобосу киргизилгендиги жөнүндө маалыматтын бар экендигине көз салууга милдеттүү.


Тышкы башкаруучу төмөнкүдөй учурларда өз милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн:


1) тышкы башкаруучуга карата кылмыш иши боюнча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;


2) тышкы башкаруучу тарабынан милдеттерин аткаруудан бошотуу жөнүндө арыз берилгенде;


3) тышкы башкаруучунун милдеттерин аткарууга (дайындалышына) тоскоолдук кылуучу жагдайлар аныкталганда же пайда болгондо;


4) тышкы башкаруучу өткөрүү үчүн дайындалган жол-жоболор белгиленген тартипте токтогондо (аяктаганда);


5) убактылуу башкаруучунун ишин талдоонун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча.


Убактылуу тышкы башкаруучу коомду башкаруу боюнча милдеттерди талаптагыдай жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.


Тышкы башкаруучу тышкы башкаруу жол-жобосу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө корутунду отчетту берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн