Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Министрлер кабинети УКМК кызматкерлерине үй куруу үчүн жер бөлүп берет

29.12.2021 16:26
830
Министрлер кабинети УКМК кызматкерлерине үй куруу үчүн жер бөлүп берет

КР УКМК Социалдык тармактарда жарыяланган “Мэрия тарабынан 4,15 гектар жерди кийин КР УКМК пенсионерлерине жана кызматкерлерине берүү” жөнүндө маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Жогоруда аталган жерлер мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-апрелиндеги №313 токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген, ошондой эле, СССР мезгилинен бери ал жерлер Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук комитетине (КГБ) таандык болгон, андан кийин жеке турак-жай курууга муктаж пенсионерлер менен аскер кызматчыларына бөлүштүрүлгөн.


Азыркы учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бул жерлер тийиштүү ченемдерге ылайыкташтырылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн